Биз социалдык тармакта

Чүй облустук төрөт үйү 1-декабрга чейин жаңы имаратка көчөт

Чүй облустук төрөт үйүндө капиталдык оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда палаталарга линолеум төшөө жана от казанды газ түтүгүнө туташтыруу иштери калды. Бардык иштер толук аяктагандан кийин төрөт үйү бейтаптарды кабыл алууга даяр болот.

Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Алмазбек Аскаровдун маалыматына ылайык, төрөт үйү 1-декабрга чейин жаңы имаратка көчүп кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан