Франциянын президенти Эммануэль Макрон жаңы нааразычылык акциясына 2 күн калганда Элисей сарайында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, жолугушууга баш аламандыктар болуп жаткан шаарлардын мэрлери жана коопсуздук кызматы катышып жатканы белгилүү болду.
"Жыйындын башкы максаты - акыркы апталарда аткарылган чалгындоо кызматтарынын, кырдаалды болжолдоо жана коопсуздук системдеринин ишинин жыйынтыгын чыгаруу болуп саналмакчы. Ошондой эле бийлик өткөн дем алыш күндөрү өлкөнү каптаган олуттуу окуяларга жана коопсуздук системиндеги кемчиликтерге алып келген үзгүлтүктөрдү терең талдап чыгууну пландаштырууда",- деп белгиленди маалыматта.
Маалыматка караганда, жыйындан кийин Макрон билдирү жасары айтылды.