Ички иштер министрлиги WhatsApp мессенжеринде уруксатсыз кирүү фактылар катталганын билдирип, жарандарды эки баскычтуу текшерүүнү күйгүзүүгө чакырды.
Министрлик жарандарга алгач WhatsApp аккаунттун текшерип алууну сунуштады. Билдирүүдө шектүү кирүүлөр болсо, аларды токтотууга аракет көрүү керектиги айтылат.