Биз социалдык тармакта

ИИМ "Бул сенсиңби?" деген билдирүүнүн артында эмне турарын ачыктады

Ички иштер министрлиги жарандарга Telegram жана WhatsApp мессенжерлериндеги шектүү файлдарды ачпоону эскертүүдө.

Министрлик алдамчылар "Бул сенсиңби?", "Видеодогу сенби?" деген билдирүүлөр менен apk форматындагы шектүү файлдарды жөнөтүшөрүн белгилейт. Маалыматта алар колдонуучунун кызыгуусун жаратып, файлды жүктөп алууга жана орнотууга түрткү беришери айтылат. Мындай файлды Android түзмөгүнө орнотуу жеке маалыматтардын уурдалышына жана аккаунттардын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.

Андыктан ИИМ жарандарды төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

  • Белгисиз apk файлдарын жүктөп албаңыз жана орнотпоңуз.
  • Шектүү шилтемелерди ачпаңыз.
  • Файл тааныш адамдан келсе да, анын чын-төгүнүн башка жол менен тактаңыз.
  • Аккаунттарыңызды коргоо үчүн эки факторлуу аутентификацияны кошуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан