Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Жаныбек Асанбеков президент Садыр Жапаровго кайрылып, мандат маселеси дагы деле чечилбей жатканын айтты.
Ал өлкө башчысына мурда бул боюнча кайрылганын эстетип, ошондо берилген тапшырма аткарылбай жатканын билдирди.
"17-июлда сиз мени Ысык-Көлдө жеке кабыл алдыңыз эле. Ошондо менин эл берген мандатымды кылдат кароо боюнча тапшырма бергенсиз. Тилекке каршы, үч ай өттү, ошол тапшырма аткарылбай жаткандыктан кайын журтумдун алдында сизге кайрылууга туура келип жатат", - деди ал кечээ, 22-октябрда президенттин Манас шаарында эл менен жолугушуусу учурунда.
Мамлекет башчысы бул боюнча тапшырма бергенин ырастап, "анын отчётун алайынчы" деп жооп берди.
Эске салсак, Жаныбек Асанбеков быйыл июнь айында Садыр Жапаров Кочкордун эли менен жолугушуу өткөрүп жатканда кайрылган. Ал мандатын басымдын негизинде тапшырууга аргасыз болгонун айтып келет.
Асанбеков 31-мартта Бишкек шаардык кеңешинин депутаттык мандатын тапшырган.