Шакира - өзүнүн таланты, эмгекчилдиги менен дүйнөгө таанылган белгилүү ырчы. Анын кайрымдуулук иштерде жасаган аракеттери да дүйнө элин суктандырып келет. Ырчы бала кезиндеги кыялын ишке ашырып, дүйнөлүк сахнанын жылдызына айлана алды. Анын чыгармачылыгы көптөгөн адамдарга дем берип, латын музыкасынын дүйнөгө жайылышына чоң салым кошуп келет. Жакында ырчы Кыргызстанга келип, өзүнүн концертин берди. Бул анын Борбор Азиядагы алгачкы концерти болуп калды. Бул макалада биз Шакира тууралуу маалыматтарды бөлүшөбүз.

Балалыгы
Анын толук аты-жөнү - Шакира Исабель Мебарак Риполл. Атактуу айым 1977-жылдын 2-февралында Колумбиянын Барранкилья шаарында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө жалгыз кыз. Атасы ливан тектүү зергер жана жазуучу Уильям Мебарак, ал эми апасы Нидия Риполл колумбиялык.
Шакиранын атасы мурунку никесинен 8 балалуу болгон. Демек, ырчынын аталаш 8 бир тууганы бар.
Шакира кичинекей кезинен эле абдан зээндүү, чыгармачылыкка өтө жакын болгон. Ал төрт жашында эле ырдоого кызыга баштаган. Ошол эле жашында атасы менен ресторанга барып, ал жактан араб барабанынын коштоосунда бийленген курсак бийине (танец живота) күбө болгон жана ошол күндөн тартып бийге деген куштарлыгы ойгонгон.
Ата-энеси кызынын талантын колдоп, анын чыгармачылык менен алектенишине колдоо көрсөтүшкөн.
Шакиранын балалыгы дайыма эле жеңил болгон эмес. Ал 8 жашка чыкканда атасынын зергерчилик бизнеси банкротко учураган. Үй-бүлөнүн материалдык абалы начарлап кеткен.
Бул окуя Шакирага чоң таасир калтырган. Бир күнү ата-энеси аны жашоосу оор болгон балдарды көрүүгө алып барган. Ошондо ал өзүндө бар нерселердин баркын түшүнүп, келечекте башка балдарга жардам берүүнү каалаган.
Кийинчерээк Шакира бул окуя анын дүйнөгө болгон көз карашын өзгөрткөнүн айткан жайы бар. Анын кайрымдуулук иштерине болгон кызыгуусу да ушундан улам болгон.

Чыгармачылыгы
Шакира 8 жашында "Tus Gafas Oscuras" аттуу алгачкы ырларынын бирин жазган. Бул ыр атасы жөнүндө болгон. Ал кичинекей кезинен эле ырлар аркылуу сезимдерин билдирүүгө жөндөмдүү. 10 жашында ар кандай сынактарга катышып, жергиликтүү иш-чараларда ырдап, бийлеп жүргөн.
13 жашында музыкалык компания менен келишим түзүп, ырчылык карьерасын баштаган. 1991-жылы анын "Magia" аттуу алгачкы альбому жарык көргөн. Алгачкы жылдары көп кыйынчылыктарга туш болсо да, ал өзүнүн максатына жетүү үчүн талыкпай эмгектенген.
2001-жылы Шакира "Laundry Service" аттуу альбомун чыгарып, дүйнөлүк атактуулукка жеткен. Анын "Whenever, Wherever" жана "Hips Don't Lie" ырлары көптөгөн өлкөлөрдө популярдуулукка жеткен. Өзгөчө үнү жана өзгөчө бий стили аны башка ырчылардан айырмалап турат.
Шакиранын эң белгилүү ырларынын катарына "Hips Don't Lie", " Waka Waka", "Whenever", "Wherever, La Tortura" жана "Try Everything" кирет. Анын "Waka Waka" ыры 2010-жылы Түштүк Африкада өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпиондуктун расмий гимни болгон.
Шакира испан жана англис тилдеринде ырдайт. Ал ырчы гана эмес, ырлардын сөзүн жана музыкасын да өзү жаратат.

Жеке жашоосу
Шакира менен испаниялык футболчу Жерар Пике 2010-жылы Түштүк Африкада өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпиондуктун алдында таанышкан. Пике Шакиранын "Waka Waka" ырынын клибине тартылган. Ошол таанышуудан кийин алардын ортосунда сүйүү мамилеси башталган.
2011-жылы мамилесин ачык жарыялашкан. Алар расмий никеге турушкан эмес, бирок көп жыл бирге жашап, эки уулдуу болушкан. Улуу уулу Милан 2013-жылы, кичүү уулу Саша 2015-жылы төрөлгөн. Көпчүлүк күйөрмандар аларды бактылуу үй-бүлө катары көрүшчү.

2022-жылдын июнь айында Шакира менен Жерар Пике ажырашканын расмий билдиришкен. Алардын мамилеси болжол менен 11-12 жылга созулган. Ажырашуу жарыялангандан кийин маалымат каражаттарында Пикенин башка кыз менен мамилеси болгон деген кабарлар тараган.
Кийин анын 27 жаштагы Клара Чиа Марти менен мамилеси коомчулукка белгилүү болгон. Жерар Пике 39 жашта, ал эми сүйүктүүсү өзүнөн 12 жаш күчүү. Шакира болсо 49 жашта.
Көпчүлүк ажырашууну ишенимдин бузулушу менен байланыштырышкан. Бирок жубайлар ажырашуунун бардык себептерин толук ачыкташкан эмес.
Шакира менен испаниялык футболчу Жерар Пикенин ажырашуусуна байланыштуу "кулпунай кыямы" тууралуу окуя интернетте кеңири тараган. Шакира муздаткычтан кулпунай кыямынын бош идишин көрүп, үйүндө башка бирөө болгон деп шектенген. Ырчы жолдошу Пике менен балдары кулпунай кыямын жактырышпаганын билгендиктен, бул жагдай анын көңүлүн бурган.
Күйөрмандар бул окуяны Шакиранын "Te Felicito" аттуу ырына тартылган клиби менен да байланыштырышкан. Анда ырчы муздаткычты ачкан көрүнүш бар. Бирок бул окуянын чындыгы расмий түрдө тастыкталган эмес. Шакира да кыям аркылуу жолдошунун ишенимсиздигин билген деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген.
Шакира 2022-жылы Elle журналына берген маегинде Пикенин футболдук карьерасын колдоо үчүн өзүнүн чыгармачылыгын экинчи орунга койгонун айткан. Ал Испанияга күйөөсүнүн карьерасы үчүн көчүп баргандыгын билдирген.
Шакира үчүн үй-бүлөсү абдан маанилүү болгон. Ал балдары атасы менен бирге чоңоюп, бактылуу үй-бүлөдө жашашын каалаган. Бирок алардын мамилеси ал күткөндөй уланган эмес. Шакира ажырашууну жашоосундагы эң оор мезгилдердин бири катары сүрөттөгөн. Ал үй-бүлөсүнүн бузулушунан катуу кайгырганын, бул окуя балдарына да оор тийгенин айткан. Ошол учурда атасынын ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр да болгон.
2022-жылы Шакира менен Пике балдарынын келечеги боюнча макулдашууга жетишкен. Шакира эки уулу менен Майамиге көчүп кеткен. Ал ыр жазууга жана чыгармачылыгына көбүрөөк көңүл бура баштаган.
Шакира жеке жашоосундагы окуяларды ырларына да чагылдырган.
"Las Mujeres Ya No Lloran" - анын 2024-жылы чыккан альбому. Аталышы кыргызча "Аялдар эми ыйлабайт" деген маанини билдирет. Альбомдо кайгыны жеңүү, өз күчүн табуу жана жаңы жашоо баштоо темалары камтылган.
Кыскасы, Шакира менен Жерар Пикенин ажырашуусуна байланыштуу ишенимдин бузулушу тууралуу маалыматтар кеңири тараган. Ошондой эле алардын жашоо пландары жана карьералык артыкчылыктары ар башка болгон. Бирок ажырашуунун так себептеринин баарын алар коомчулукка ачык айтып беришкен эмес.
Бул окуя Шакиранын жашоосунда чоң өзгөрүү жараткан. Ал кыйынчылыктарга карабастан, балдарын тарбиялап, ырчылыгын улантып, дүйнөлүк сахнага кайрадан кайтып келген.
Анын окуясы жеке кайгыны чыгармачылыкка айландыруунун мисалы болуп калды.

Кайрымдуулук иштери
Шакира ырчылык менен гана чектелбестен, кайрымдуулук иштерине да активдүү катышат. Ал 1997-жылы Колумбиядагы балдардын билим алуусун колдоо максатында "Pies Descalzos" фондун негиздеген. Дайыма муктаждарга жардам берип келет. Ошондой эле 2003-жылы ЮНИСЕФтин элчиси болгон.

Сыйлыктары жана жетишкендиктери
Шакира чыгармачылык жолунда көптөгөн эл аралык сыйлыктарга ээ болгон. Алардын арасында "Grammy, Latin Grammy" жана "Billboard" сыйлыктары бар. Ал латын музыкасын дүйнөгө таанытууга чоң салым кошкон ырчылардын бири болуп эсептелет.
