Президент Садыр Жапаровдун Базар-Коргондун тургундары менен жолугушуусунда Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбековго карата доомат айтылды.
Жергиликтүү тургундардын бири, депутат Базар-Коргондогу 20 гектардан ашык жерди мыйзамсыз ээлеп алганын айтып, анын ичинде базардын аймагы жана кирпич заводу жайгашкан жер тилкеси бар экенин билдирди.
"Анын бардыгы Базар-Коргондун борборундагы базарлар. Мен жалган айтып аткан болсом, ушул жердеги адамдар күбө болот. Базардын ичиндеги адамдардын баарын безилдетип жиберген",- деди ал.
Президент бул маселе боюнча акимге суроо узатса, тургун сөзгө кошулуп, "буларыңыз аны менен чогуу чай ичип жүрсө, каяктан билишет" деди.
Облустук прокуратура депутатка караштуу кирпич заводу мамлекетке өткөрүлүп жана мыйзамсыз алынган 9 гектар жер тилкеси боюнча сот иштери жүрүп жатканын маалымдады.
Президент прокуратурага бул маселе боюнча териштирип, туура жана адилеттүүлүк менен чечип берүү тапшырмасын берди. Эгерде иштеп жаткан заводду мамлекет алган болсо, анын мыйзамдуулугун карап кайра ишкерге кайтарып берүүнү тапшырды.