Биз социалдык тармакта

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кармалып, кайра үй камагына чыкты

"Жаны күч - Новая сила" партиясынан шайланган Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Жакыпов кармалды.

Бишкек шаардык соту билдиргендей, Октябрь райондук сотунун 22-октябрдагы токтому менен айыпталуучу Жакыпов 20-декабрга чейин үй камагына чыгарылды. Ага кечки 22:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин үйүн таштап чыгууга болбойт. Ошондой эле тергөөчүнүн жана соттун уруксаты жок шаардан сыртка чыгууга тыюу салынды. Буга жабырлануучунун арызы жана айыпталуучунун ким экени, кайда жашары такталганы негиз болгон.

Жакыпов Кылмыш-жаза кодексинин 209-берененин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан