Ырчы Анжелика Кайратованын кызы Айыма үлпөт тоюнун алдында курбуларын Дубайга чогултту. Ал өзүнүн соцтармактагы баракчасына сүрөт, видео жарыялады.
Буга чейин Айыма Бекболиеванын сүйүктүүсү баш кошууга сунуш киргизгени кабарланып, ноябрда анын кыз узатуу тою өтөрү айтылган. Анын келиндик кызматтагы видеосу да тараган.