Ошто студенттер сабалган окуя боюнча үч шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-октябрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 1-курсунун эки студенти окуу жайдын спорт талаасына жакын жерден сабалган. Окуянын видеосу интернет желесине тараган.
Милиция шектүү катары ОшТУга караштуу колледждин 2010-2011-жылдары туулган үч студентин кармады. Учурда окуя боюнча тергөө жүрүп, жабырлануучуларга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.