Эртең, 30-октябрда өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына караганда, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн +1…+3, күндүз +15…+17 градус болот.
Аймактарда абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+1, күндүз +15…+17;
- Талас жергесинде түнкүсүн 0…+2, күндүз +16…+18;
- Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+9, күндүз +18…+20;
- Баткен облусунда түнкүсүн +6…+8, күндүз +18…+20;
- Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15;
- Нарын облусунда түнкүсүн -3…-5, күндүз +11…+13 градус болот.