Кечээ, 28-октябрда Бишкек шаарында автобустардын айдоочуларынын чогулушу болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жыйында Айбек Жунушалиев айдоочуларга эскертүү берди.
"Акыркы жылдары коомдук транспортту жаңылоо максатында көптөгөн автобустарды жана 120 электробус алып келдик. Биз өзүбүздүн милдеттерибизди аткарып жатабыз. Бирок силер да өз милдетиңерди аткарып, жол эрежелерин сакташыңар керек. Акыркы күндөрү жол кырсыктарынын саны көбөйүүдө. Мындай кырсыктарга айдоочулардын жол эрежелерин сактабаганы себеп болууда. Силерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында накталай төлөмдөрдү алып салдык. Бирок ага карабастан, жол эрежелерин бузуу фактылары көбөйүүдө, эгер мындай кылганыңар дагы улана берсе автобустарды да жоготуп алышыбыз мүмкүн. Ошондуктан ар бириңерден жол эрежелерин так сактап, жоопкерчиликтүү болууну талап кылабыз",- деди мэр.