Түркиянын Синоп шаарында 50 жаштагы Эжевит Окозджо сүйүктүүсү Айшени көрүү үмүтү менен 27 жылдан бери бир эле аялдамага келип жүрөт.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Айше бир кезде ага кайра кайтып келерин убада кылган. Бирок ал ошондон бери кайтып келген эмес. Жергиликтүү тургундар Эжевитти "Сүйүүгө берилген Эжевит" деп атап алышкан. Алар ага жашоого ылайыктуу чакан вагон орнотуп беришкен. Ошондой эле тамак-аш, кийим-кече жана отун менен үзгүлтүксүз камсыздап турушат.
Шаар тургундарынын айтымында, азыр Айшенин көзү тирүү эмес. Ага карабастан, Эжевит сүйүктүүсүн бир кезде күтүп жүргөн аялдамага дагы деле келип турат.