Бүгүн, 29-октябрда Испанияда нааразычылык акциясына чыккандар премьер-министрди жана транспорт министрин жумуштан алууну талап кылышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка карганда, кечээ, 28-октябрда Толедо провинциясынын Урда аймагында болгон поезд кагылышуусунун айынан 1500дөй адам министрликтин имратынын алдында чогулуп, премьер-министр Педро Санчестин жана транспорт министри Оскар Пуэнтенин кызматтан кетишин талап кылышты.
Нааразычылык акциясынын катышуучулары бийликтин ишиндеги кемчиликтерди айтып, аларды бул трагедияга айыпташты.
Бул окуя Испаниядагы жыл башынан берки экинчи темир жол кырсыгы болгондуктан, коомчулукта жана оппозицияда чоң нааразычылык жаратып жатканын басылмалар кошумчалашты.