БИ-БИ-СИ корпорациясы 500 миллион фунт стерлинг үнөмдөө максатында жаз айларында "БИ-БИ-СИ З" жана "БИ-БИ-СИ Шотландия" телеканалдарын жаап, онлайн форматка өтө турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка карганда, эки кызмат тең онлайн режимде иштеп баштайт. Ошондой эле "Радио 4 экстра" дагы жабыларын жарыялады. Бул телеканал БИ-БИ-СИ'нин архивдик материалдарын, анын ичинде драма, документалдык берүүлөрдү уктуруп келген.