Биз социалдык тармакта

Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн Мээрим Жуманазарова алтын үчүн күрөшөт

Бүгүн, 29-октябрда Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова алтын медаль үчүн күрөшөт.
Дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдагандай, 68 килограмм салмакта күч сынашкан балбан финалда Кытайдын балбаны Жиа Лонг менен беттешет. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:30да башталат.
Кыргызстандык балбандын финалга чейинки жолу ишенимдүү жеңиштер менен коштолду. Ал 1/8 финалда Индиянын өкүлү Сришти Сриштини 5:1 эсебинде жеңди. Чейрек финалда америкалык Кеннеди Алексис Блэйдсти 6:3 эсебинде утуп, жарым финалга жолдомо алды. Жарым финалда монголиялык Энхсайхан Дэлгэрмааны 5:1 эсебинде жеңди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан