Президент Садыр Жапаровдун Баткен эли менен болгон жолугушуусунда жолдошу экинчи аял алып, үч баласы менен өзүн үйүнөн кууп жатканын айткан Гүлзат айымдын күйөөсү камакка алынды. Бул тууралуу кечээ, 30-октябрда жактоочу Адилет Мерканов билдирди.
"Гүлзат айымдын күйөөсү экинчи аял алып, ошондой эле өз инисине арыз жаздырып, экөөнүн ортосундагы мүлктөрдү өзүнө ыйгарып алган. Бүгүнкү күндө Гүлзат айымдын күйөөсү камакка алынды", - деди жактоочу.
Октябрь райондук милициясынын маалыматына ылайык, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында 1975-жылы туулган жаран кармалган.
Андан соң Октябрь райондук сотунун чечими менен шектүү камакка алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.