Бишкекте "Өзгөчө Жаңы жыл-2013" аттуу республикалык жаш дизайнерлердин сынагы болот. Уюштуруучулардын айтымында, сынак ушуну менен 2-ирет өтүп жатат. Сынакка өлкөбүздүн бир топ ЖОЖдорунун студенттери катышып, өз эмгектерин көрсөтүшмөкчү. Кошумчалай кетсек, жаш дизайнерлердин сынагына 145 катышуучу катышып, 110 коллекция көрсөтүлөт. Ал эми калыстардын тизмесин Дилбар Ашымбаева, Замира Молдошева сыяктуу бир топ белгилүү дизайнерлер толуктамакчы.