Бүгүн, 4-ноябрда Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев Инстаграм баракчасы аркылуу атасынын дүкөнү тууралуу маалымат берди.
Маалыматка караганда, Алиев Пишпек конушунун Тойгонбаев көчөсүндө жайгашкан дүкөн атасына 2001-жылдан бери таандык экенин айткан.
"Элден тизелеп кечирим суроого даярмын. Супермаркеттер жана дүкөндөр жөнүндө сөз болду, бул кичине туура эмес. Бизде бир гана дүкөн бар. Ал Пишпек районунда, Тойгонбаев көчөсүндө жайгашкан. Бул - менин атамдын дүкөнү. Ал участокту 2001-жылы, мен 10-11-класста окуп жүргөндө сатып алган. Имарат муниципалдык жерде эмес, бул жеке менчик. Дүкөндүн тепкичине келсек, ооба, бул 8 чарчы метр муниципалдык жерде. 2016-жылы атам бул жерди мэриядан ижарага алып, ошондон бери төлөп келет",- деп түшүндүрдү вице-мэр
Азыркы учурда бул тууралуу укук коргоо органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.