Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Орусия БУУдагы өз ара аракеттенүүнү талкуулады

Бүгүн, 4-ноябрда, Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ишмердүүлүгү боюнча экинчи кыргыз-орус консультациялары болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма чөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуу Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгүнө даярдык көрүүнүн алкагында уюштурулду. Ага эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин тиешелүү департаменттеринин жетекчилери катышты.

Консультациялардын жүрүшүндө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу темалар талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар БУУнун алкагында кызматташууну улантууга жана өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча позицияларын координациялоого даяр экендиктерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан