Ош шаарындагы Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдарын таза суу менен камсыздоо долбоору ишке кирди.Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Долбоордун алкагында 30 метр тереңдиктен артезиан суусу чыгарылып, жалпы көлөмү 1000 куб метрди түзгөн эки суу сактагыч курулду. Ар биринин сыйымдуулугу 500 куб метрди түзөт.
Ошондой эле сууну тазалоо жана зыянсыздандыруу үчүн хлоратордук жабдуу орнотулуп, 26 чакырым суу түтүгү тартылды.
Ошентип, эки айылдагы 950 кожолук таза ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз болот.