Биз социалдык тармакта

Көк-Мойнок – Кубакы – Кочкор жолунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет

Эртең, 5-ноябрдан тартып 2027-жылдын 1-апрелине чейин Көк-Мойнок – Кубакы – Кочкор унаа жолунда жалпы салмагы 7 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын биргелешкен буйругуна ылайык, мындай чечим күз-кыш мезгилинде жол коопсуздугун камсыз кылуу жана кырсыктардын алдын алуу максатында кабыл алынган.

Чектөө учурунда оор жүк ташуучу унааларга Балыкчы шаары аркылуу өткөн Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолун пайдалануу сунушталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан