Биз социалдык тармакта

Өлкөнүн түштүгүндө үч жолу жер титиреди

Бүгүн, 4-ноябрга караган түнү өлкөнүн түштүгүндө үч жолу жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгачкы силкинүү саат 03:34тө катталган. Жер титирөөнүн очогу Бор-Дөбө айылынан 14 чакырым түндүк-батышта, Ош шаарынан 110 чакырым түштүк-чыгышта жайгашып, күчү 5,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Бор-Дөбө айылында 5 баллга жакын, Талды-Суу, Арча-Булак жана Сары-Могол айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон жана Нура айылдарында 3 баллга жакын сезилген.

Экинчи жер титирөө саат 03:44тө катталып, очогунда күчү 3,5 баллды түзгөн. Анын очогу Бор-Дөбө айылынан 1 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Жер титирөө Бор-Дөбө айылында 3,5 баллга жакын сезилген.

Ал эми үчүнчү жер титирөө саат 04:50дө катталган. Анын очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Бор-Дөбө айылынан 8 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 126 чакырым түштүк-чыгышта жайгашып, күчү 4,5 баллга жеткен.

Жердин силкинүүсү Бор-Дөбө айылында 4,5 баллга жакын, Талды-Суу, Сары-Таш, Кара-Киндик, Сары-Могол жана Нура айылдарында 3,5 баллга жакын сезилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан