Биз социалдык тармакта

Бишкектеги "Тез жардам" борборунун директору КМШ сынагынын жеңүүчүсү болду

Бишкек шаардык "Тез жардам" борборунун директору Егор Борисов "КМШ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо лидери - 2026" эл аралык сынагында жеңүүчү болду. Бул тууралуу кечээ, 3-ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал тез медициналык жардамды санариптештирүү долбоору үчүн "КМШ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо системдерин санариптештирүүгө кошкон салымы үчүн" номинациясында диплом алды.

Сынакка Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Беларус жана Азербайжандын өкүлдөрү катышып, долбоорлор эл аралык эксперттик комиссия тарабынан бааланганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан