20-декабрда Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрында социалдык колдоого муктаж балдар үчүн кайрымдуулук акциясы өтөт. Кайрымдуулук акциясына борбор калаанын мектеп-интернат жана балдар үйүнөн 600дөй бала чакырылды. Алар үчүн аталган театрдын актёрлору Жаңы жылдык спектакль көрсөтүшмөкчү.