Бишкекте Mercedes-Benz W221 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна алдыңкы каптал айнектерин мыйзамсыз караңгылатканы үчүн 20 миң сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Милициянын кайгуул-күзөт кызматы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, айдоочу алгач айнек көтөргүчтөрү иштебей турганын айтып, кийин муну жоопкерчиликтен качуу үчүн жасаганын мойнуна алды. Ага укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, караңгылатуучу пленка ошол жерден алынды.