Биз социалдык тармакта

Балыкчыда шамал электр станциясы, Кочкордо күн электр станциясы салынат

"Жашыл энергетика фондунун" директору Эмилбек Орозбаев "Биринчи радионун" эфиринде жыл аягына чейин Нарында 20 мегаваттык күн электр станциясы ишке киргизилерин билдирип, кийинки жылы аткарыла турган иштер тууралуу маалымат берди.

"Нарында ишке бериле турган электр станциясына камданып жатабыз. Андан сырткары, эмки жылы Кочкордо 250 мегаваттык күн электр станциясынын курулушу башталат. Анын 100 мегаваты май айында бериле баштайт. Балыкчы шаарында шамал энергетикасы боюнча дагы иштер жүрүп жатат. Тийиштүү жабдыктар Балыкчыдагы кампага келген. Учурда кошулуу маселеси такталып жатат. Ал бүтөрү менен кийинки жылдын жаз айларынан баштап курулушу активдүү түрдө башталмакчы",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан