
Бүгүн, 4-ноябрда
Акай Кыдыров президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен БШКга кайрылды. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Экерте кетсек, Кадыров шайлоого катышуу ниетин билдирген төртүнчү жаран. Буга чейин БШКга
Азамат Эсенбеков, Аймен Касенов, Сыйык Жапыкеев арыз
тапшырган.
35 жаштагы Акай Кадыров жеке ишкер. Ал 2025-жылы Жогорку Кеңешке да талапкерлигин койгон.
Маалымат үчүн: Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 12-ноябрда, саат 24:00дө аяктайт.