Бүгүн, 4-ноябрда Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда туман болуп, кар жаап жатат. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Мындан улам тескөөчүлөр аталган жолго чыккан айдоочуларды жол эрежелерин жана унаалар менен болгон аралыкты сактоого, ошондой эле унаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.