Баткен облусунун 4 айыл аймагында таза суу объектилери ачылып, 10 айылга таза суу жетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында ишке ашырылган долбоорлордун алкагында, Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Үч-Коргон, Калача, Тегирмеч, Чаувай жана Совет айылдарында, ошондой эле Баткен районундагы Самаркандек, Жаңы-Бак, Паскы-Арык, Ак-Татыр жана Орто-Боз айылдарында ичүүчү суу системалары курулду.
"Долбоордун натыйжасында жалпы 20 миң 731 тургун таза ичүүчү суу менен камсыз болду", - деп кошумчаланат маалыматта.