Бүгүн, 4-ноябрда, “Манас” улуттук академиясынын “Манас” эпосун тармактарга таанытуу долбоору Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Иш-чаранын алкагында “Манас” эпосунун руханий-көркөм дүйнөсү, манасчылык жана төкмөчүлүк өнөрү тууралуу маалымат берилди.
Манасчы Замирбек Баялиев эпостон үзүндү аткарса, Кыргыз эл акыны Азамат Болгонбаев төкмөлүк өнөрүн тартуулады.
Мындан тышкары, “Манас” улуттук академиясынын вице-президенти Кыргыйбек Молдожунусов эпостун изилденүү тарыхы, академиянын басылмалары жана санариптик музейлери тууралуу баяндама жасады.
Долбоордун максаты — “Манас” эпосун ар кыл кесип ээлерине таанытуу, улуттук баалуулуктарды жайылтуу жана маданий мураска болгон кызыгууну арттыруу.