Биз социалдык тармакта

Эльвира Сурабалдиева Аялдар колониясынын кызматкерлерин сыйлады

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №2 мекемесинин (Аялдар колониясы) кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда депутат кызматкерлердин жоопкерчиликтүү жана татаал эмгегин белгилеп, алардын соттолгон аялдардын коомго кайра аралашуусуна жана жаңы жашоо башташына кошкон салымына токтолду.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан кызматкерлерге Ыраазычылык каттарды тапшырды.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында кызматкерлер үчүн парламентте экскурсия уюштурулду. Аларга Жогорку Кеңештин тарыхы, ишмердүүлүгү жана имараттын заманбап санариптик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан