Кыргызстанда насыя алууга өз ыктыяры менен тыюу салуу кызматын бир жыл ичинде 304 миң 900 жаран колдонду. Бул тууралуу кечээ, 5-ноябрда Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-ноябрга карата 200 миң 100 жарандын өзүнө-өзү тыюу салуу статусу активдүү бойдон калууда.
"Бул кызматты "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу колдонсо болот. Ал үчүн "Кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу" кызматын тандап, кредиттик бюрону белгилеп, суроо-талап жөнөтүү керек. Андан кийин чектөө дароо күчүнө кирет. Ал эми тыюуну алып салуу үчүн кайрылуу жөнөткөндөн кийин 12 саат күтүү зарыл", - деп белгиленди маалыматта.