Биз социалдык тармакта

Бишкекте мечиттеги уурулукка шектүү жаран кармалды

Бишкекте мечиттердин бириндеги садака кутусун бузуп ачып, акча уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 2026-жылдын 29-августунда болжол менен саат 04:30да болгон. Белгисиз адам мечиттеги садака кутусун бузуп ачып, андагы акчаны алып кеткен. Келтирилген чыгымдын өлчөмү такталууда.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2008-жылы туулган Б.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан