Курулуштун “нөл цикли” аяктаганга чейин курулуп жаткан объектилердеги турак жана турак эмес жайларды сатууга, жарнамалоого жана жарандардан каражат тартууга тыюу салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Министр Нурдан Орунтаевдин буйругунун аткарылышын камсыздоо максатында министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы бир катар курулуш объектилеринде текшерүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Алардын катарында Ташкент, М. Аматов, Т. Турсунбаев, С. Ибраимов, 7-Апрель, Исанов жана Спортивный көчөлөрүндөгү 9 кабаттан 20 кабатка чейинки турак жайлар жана бизнес-борбор бар.
Текшерүү учурунда курулуш компанияларынын жетекчилерине буйруктун талаптары түшүндүрүлүп, мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча эскертүүлөр берилди.
Министрлик белгиленген талаптарды бузган учурларда мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн эскертти.