Кыргызстандын эки жогорку окуу жайы Борбор Азиядагы эң мыкты 15 университеттин катарына кирди. Бул тууралуу QS Quacquarelli Symonds аналитикалык агенттиги жарыялаган рейтингде көрсөтүлөт.
Ага ылайык, Кыргыз-Түрк "Манас" университети 14-орунду, Борбор Азиядагы Америка университети 15-орунду ээледи. Ал эми аймактагы эң мыкты университет деп Казакстандын Аль-Фараби атындагы улуттук университети табылып, биринчи орунга чыкты.
Белгилей кетсек, университеттер академиялык аброю, жумуш берүүчүлөр арасындагы кадыр-баркы, илимий изилдөөлөрү, жарыяланган эмгектеринин цитаталанышы, окутуучулар менен студенттердин катышы жана эл аралык кызматташтыгы сыяктуу көрсөткүчтөр боюнча бааланган.