Ош шаарында былтыр 28-декабрда катталган жол кырсыгына шектүү жаран изделүүдө. Бул тууралуу калаа милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал күнү кечинде ак түстөгү унаанын айдоочусу шаардын Атабаев көчөсүнөн 10 жаштагы кызды сүзүп качып кеткен. Секелек кыз денесинен оор жаракаттарды алып, ооруканага жаткырылган.
Ош шаардык милициясы айдоочу аныкталбай жаткандыктан ошол окуяга күбө болгондорду байланышууга чакырат. Номурлар: 0773-86-67-82, 0778-15-44-20 же 102.