Бүгүн, 6-ноябрда Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик жаратылыш коруктарынын биринде аркар-кулжалардын табигый шартта жайбаракат оттоп жүргөн учуру видеого тартылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Видеодон аркар-кулжалардын саны болжол менен 400гө жакын тобу тоо боорунда эркин оттоп жүргөнү, андан соң биринин артынан бири тизилип, тоонун бийик тарабына бет алганын көрүүгө болот.
Жапайы жаңыбарлардын санынын көбөйүшү — аларды коргоо жана табыгый жашоо чөйрөсүнүн сактоо багытында жургүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун көрсөтүүдө.