Кесиптик лотерея оператору болгон «Байлото» компаниясы майып балдарды тарбиялаган 20 үй-бүлөгө азык-түлүк жана гигиеналык каражаттар менен жардам берди. Кайрымдуулук акциясы «Кереметке ишенем» коомдук фонду менен биргеликте өткөрүлдү.
Фонддун жетекчилиги «Байлото» компаниясына ДЦП, аутисттик спектрдеги оорулар жана Даун синдрому менен ооруган балдары бар жалгыз бой энелерге колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгүнүн жашоо абалы оор, энелердин болсо иштегенге мүмкүнчүлүгү жок. Анткени болгон убактысы балдарды кароого, үзгүлтүксүз дарылоого жана реабилитациялоого жумшалат.
Компания үй-бүлөлөрдүн муктаждыктарын аныктап, Бишкек жана Чүй облусунда жашаган 20 үй-бүлөгө атайын баштык даярдады. Азык-түлүктөрдөн узакка сакталуучу: ун, шекер, өсүмдүк майы, акшактар жана чай алынды. Андан тышкары үй-бүлөлөрдүн жеке муктаждыктарын эске алуу менен жеке гигиена каражаттары, балдарга жана чоңдорго жалаяктар, сүлгүлөр, самын, тиш жуугуч щетка жана паста, бат аарчылар сатып алынды.
«Байлотонун» кызматкерлери азык-түлүктөрдү өздөрү үйлөргө жеткиришип, энелер жана балдар менен маектешип кайтышты. «Муктаж үй-бүлөлөргө өзүбүз барып жардам берип, күн сайын түйшүк тарткан адамдардын турмуш-тиричиликтеги муктаждыктарын канааттандырганыбыз биз үчүн чоң мааниге ээ. Ушундай күчтүү аялдарга жана алардын балдарына иш жүзүндө колдоо көрсөтө алганыбызга кубанычтабыз», – деп белгиледи «Байлотонун» өкүлү Адилет Темирланов.
Бул «Байлотонун» алгачкы кайрымдуулук акциясы эмес: буга чейин компания Токмоктогу балдар үйүнүн тарбиялануучуларына жана «Жүрөгүңдү ач» фондунун камкордугуна алынгандарга жардам көрсөткөн.
Кесиптик лотереянын уюштуруучусу – КР Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлгөн «Кыргызлото» мамлекеттик ишканасы. Оператор – «МЛИ» («Байлото») ЖЧКсы, укук белгилөөчү документ: 2025-жылдын 30-октябрындагы № 19 келишим, колдонуу мөөнөтү – 10 жыл. Лотерея ишин жөнгө салуучу – КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы. Лотереяга 18 жаштан баштап катышууга болот.
Катышуу эрежелери жана өткөрүлүп жаткан утуштар «Байлото» – Кыргызтандын мыйзамдуу лотереясынын расмий сайтында жана Instagramдагы @baylotokg расмий баракчасында.