Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 7-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Ал эми тоолуу райондордо түнкүсүн кар жаашы мүмкүн.
Аймактарда абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4... +9, күндүз +20... +25;
- Талас жергесинде түнкүсүн +3... +8, күндүз +15... +20;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4... +9, күндүз +20... +25;
- Нарын аймагында түнкүсүн 0... -5, күндүз +8... +13;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0... +5, күндүз +9... +14;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +6... +8, күндүз +22... +24 градус болот.