Кыргызстандык спортчу Алмаз Жунусов салттуу жаа атуу боюнча Дүйнө чемпиондугунда 90 метр аралыкта жеке эсеп боюнча атаандаштарын артта калтырып, чемпиондук наамга ээ болду. Бул тууралуу 5-ноябрда Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Дүйнө чемпиондугу Түштүк Кореянын Ульсан шаарында өттү. Мелдешке Кыргызстандын салбуурун боюнча улуттук курама командасынан 21 спортчу катышты.