Биз социалдык тармакта

MBANK ЮНИСЕФтин Балдар маселелери боюнча ишкердик консультациялык кеңешине кошулду

MBANK’тын Башкармалыгынын төрагасы Максатбек Ишенбаев жана ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Джунг Тапа банктын ЮНИСЕФтин Балдар маселелери боюнча ишкердик консультациялык кеңешине кошулуусу тууралуу документке кол коюшту.

ЮНИСЕФтин Балдар маселелери боюнча ишкердик консультациялык кеңеши балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын илгерилетүү максатында бизнес лидерлерин бириктирип, диалог жүргүзүү, тажрыйба алмашуу жана жоопкерчиликтүү бизнес тажрыйбаларын өнүктүрүү үчүн аянтча болуп саналат.

Кеңешке кошулуу менен MBANK банктын мүмкүнчүлүктөрү балдарга жана үй-бүлөлөргө иш жүзүндө пайда алып келе турган багыттарга көңүл бурууну пландап жатат. Жолугушууда тараптар каржылык сабаттуулук, санариптик коопсуздук жана башка мүмкүн болгон биргелешкен демилгелерди талкуулашты.

Өлкө масштабында каржылык сабаттуулукту өнүктүрүү

Жолугушууда MBANKтын Башкармалыгынын төрагасы Максатбек Ишенбаев Кыргызстандын өсүп келе жаткан мууну үчүн каржылык кызматтардын жеткиликтүү болушунун стратегиялык маанисин белгиледи.

«MBANK экосистемасынын жана балдарга арналган MJunior колдонмосунун өнүгүшү Кыргызстандын бардык аймактарындагы үй-бүлөлөрдүн каржылык сабаттуулугун системалуу түрдө жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Банктын кеңири колдонуучу базасы өлкөнүн эң алыскы аймактарындагы балдарга да каржы тууралуу негизги билимдерди жеткирүүгө шарт түзүп, жалпы өлкө боюнча каржылык маданиятты калыптандырууга олуттуу салым кошот», — деп белгиледи MBANK’тын Башкармалыгынын төрагасы Максатбек Ишенбаев.

Балдардын укуктары жана жоопкерчиликтүү бизнес тажрыйбалары

MBANK ESG туруктуу өнүгүү принциптерин корпоративдик ишмердүүлүгүнө ырааттуу киргизип, анын ичинде балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган социалдык демилгелерди ишке ашырып келет.

Ишкердик консультациялык кеңешке катышуу банкка ЮНИСЕФ жана Кеңештин башка мүчөлөрү менен тажрыйба алмашууга, ошондой эле өзүнүн бизнес тажрыйбаларында балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын мындан ары да эске алуу мүмкүнчүлүктөрүн кароого шарт түзөт.

ЮНИСЕФ Кеңештин алкагында балдардын укуктары жаатындагы эксперттик билими, методологиялык ыкмалары жана эл аралык тажрыйбасы менен бөлүшө алат.

Маалыматтык каналдар — агартуу үчүн

MBANK’тын санарип жана коммуникациялык каналдарынын кеңири камтуусу балдар жана ата-энелер арасында пайдалуу маалыматтарды жайылтууга мүмкүнчүлүк берет. Кеңештин алкагындагы мындан аркы диалогдун багыттарынын бири катары бул мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде MJunior колдонмосун балдардын каржылык сабаттуулугун жана санарип коопсуздугун жогорулатуу үчүн колдонуу каралышы мүмкүн.

Жолугушуунун алкагында MBANK жаңы «Балдар үчүн» кызматын тааныштырды. Бул бөлүмдө билим берүү борборлору, спорттук секциялар жана чыгармачылык студиялар тууралуу маалыматтар бириктирилип, үй-бүлөлөргө баланын өнүгүүсү үчүн ылайыктуу ийримдерди жана сабактарды табууну жеңилдетет.

«Бизнес өзүнүн өнүмдөрү жана кызматтары, кызматкерлер жана кардарлар менен болгон мамилеси, технологиялары жана коммуникациялык каналдары аркылуу балдардын жашоосуна чоң таасир эте алат. Ишкердик консультациялык кеңеш бул мүмкүнчүлүктөрдү ЮНИСЕФтин эксперттик билими менен бириктирип, Кыргызстандын балдарынын кызыкчылыгындагы практикалык чечимдерди биргеликте издөөгө шарт түзөт. MBANK’ты Кеңештин курамында көргөнүбүзгө кубанычтабыз», — деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Джунг Тапа.

Тажрыйба алмашуу жана кийинки кадамдар

MBANK балдар жана ата-энелер үчүн санарип экосистеманы түзүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана бул багыттагы эл аралык тажрыйбаларды үйрөнүүгө даяр экенин билдирди.

Ишкердик консультациялык кеңештин мүчөсү катары MBANK ЮНИСЕФ жана бизнестин башка өкүлдөрү менен балдарга жана үй-бүлөлөргө тиешелүү маселелер боюнча диалогго катышат. Конкреттүү багыттар жана демилгелер Кеңештин мындан аркы ишинин алкагында аныкталат.

MBANK — Кыргызстандын өнүмү!

КР УБ № 014 лицензиясы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан