Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча 31-конференциясынын (COP31) алкагында Анталиядагы Кыргызстандын улуттук павильону ачылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, анда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциялары, улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары жана маданий мурастар көрсөтүлүүдө. Аталган иш-чара 9-ноябрдан 20-ноябрга чейин уланат.