Бишкек шаарында Жеңиш проспекти жана Калинин көчөсүнүн кесилишине жасалма интеллект менен иштеген жол чырактар орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы систем унаа агымын талдап, жол кыймылынын абалына жараша жол чырактын иштөө режимин өзгөртүп турат.
"Жалпысынан 27 жол чырак, унаалардын кыймылын көзөмөлдөөчү 4 камера-детектор, унаалардын санын аныктоочу 4 лидар түзмөгү жана убакытты артка саноочу 4 электрондук табло орнотулду. Ошондой эле айдоочуларга жол тилкелеринин багыты тууралуу маалымат берүүчү 4 LED-экран коюлду",- деп айтылат маалыматта.
Учурда систем пилоттук режимде иштеп, толук ишке киргизиле элек.