"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору болуп Рустам Сакиев дайындалды. Тиешелүү чечимди компаниянын Директорлор кеңеши кабыл алганын бүгүн, 13-ноябрда аталган ишканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, энергетика министринин орун басары Мирлан Парханов жаңы жетекчини эмгек жамаатына тааныштырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары ишкананын алдында турган негизги милдеттерге токтолуп, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоонун, электр тармактарын модернизациялоонун, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жана өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушууда күз-кыш мезгилинде электр менен камсыздоонун туруктуулугун сактоо, электр тармактарын жаңылоо, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана санариптик технологияларды киргизүү милдеттери белгиленди.
Рустам Сакиев 2011-жылдан бери энергетика тармагында иштеп келет.
Белгилей кетсек, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому электр энергиясын берүү, электр тармактарын тейлөө жана өнүктүрүү менен алектенет.