Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жана Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолдорунун айрым тилкелеринде кыймыл убактылуу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолунун 180-215-чакырым аралыгына Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын тескемесинин негизинде тосмолор коюлган. Чектөө күз-кыш мезгилиндеги коопсуздук чараларына байланыштуу киргизилген.
Ал эми Түндүк – Түштүк альтернативдик жолунун Жалал-Абад – Казарман – Сары-Кыр тилкесинин 357-443-чакырым аралыгы 1-ноябрдан тартып убактылуу жабылган.
Министрлик айдоочуларды жолго чыгар алдында автожолдордун абалын тактап, сапарларын алдын ала пландаштырууга чакырды.