Ош шаарында алтын буюмдарды уурдоого шектелип 2008-жылы туулган кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү көп кабаттуу үйдө чогуу жашаган аялга таандык жалпы баасы 467 245 сомдук алтын буюмдарды уурдаган деп шектелүүдө.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши ачылып, учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы кошумчаланды.