Кемин районундагы Боом капчыгайынын Сулуу-Терек коктусунда жүргүзүлгөн рейд учурунда 3 мергенчинин белгиленген ченемден ашыкча 13 кекилик атканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.
Текшерүү Чүй аймактык башкармалыгынын егери жана NABU уюмунун "Барс" тобунун инспектору тарабынан жүргүзүлгөн.
Аталган жарандарга Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, 37 500 сом айып салынып, жаратылышка келтирилген зыян 26 миң сом деп бааланды.
"Мергенчилер айып пулду жана келтирилген зыяндын ордун өз ыктыярлары менен төлөөгө макул болушту",- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда аңчылык белгиленген мөөнөттөрдө жана уруксат берилген ченемдердин негизинде жүргүзүлөт. Аңчылар тиешелүү уруксат кагаздарын алып, жаныбарлардын түрүнө жана санына карата белгиленген талаптарды сактоого милдеттүү. Аңчылык эрежелерин бузгандар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.