Биз социалдык тармакта

5 жылда Ысык-Көл районунда 220 чакырым жол салынды

Акыркы 5 жылда Ысык-Көл районунда 220 чакырым жол асфальтталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, ушул мезгил аралыгында райондо 6 мектеп жана 9 бала бакча пайдаланууга берилген.

Ошондой эле 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 9 фельдшердик-акушердик пункт, 7 спорт зал жана кичи футбол үчүн 13 аянтча курулган. Калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча 7 долбоор ишке ашырылган.

Асфальтталган 220 чакырым жолдун 175 чакырымы республикалык бюджеттин, 45 чакырымы жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдолгон. Мындан тышкары, 97 чакырым тротуар салынып, 26 чакырым курорттук жол жана үч жээк аймагы көрктөндүрүлгөн. Райондун муктаждыктары үчүн 106 атайын техника сатып алынган.

Учурда Чолпон-Ата шаарында жана Бактуу-Долоноту, Бостери, Кара-Ой айылдарында тазалоочу курулмалар курулууда. Ошондой эле Чолпон-Ата шаарында жана Ананьево айылында 100 орундуу эки оорукана куруу иштери жүрүп жатат.

Алдыда кышкы туризмди өнүктүрүү, Чолпон-Ата шаарында 2,6 миллиард сом инвестициянын эсебинен тоо лыжа базасын жана Кес-Сеңир аймагында аквапарк куруу пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан