Биз социалдык тармакта

Чаткалда тоодо калган 7 жаран куткарылды (видео)

Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Кичи-Сандык жайлоосунда калып калган 7 жаран куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеке компаниянын кен казуу иштерине тартылган 7 жумушчу (1 аял, 6 эркек) аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаагандыктан жол жабылып, жайлоодо калып калган.

"Кечээ, 12-ноябрда куткаруучулар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана компаниянын кызматкерлери менен биргеликте 12 ат менен окуя болгон жерге барып, жумушчуларды Кара-Шоро тилкесине алып түшүшкөн. Учурда куткарылган жарандардын ден соолугу туруктуу",- деп айтылат маалыматта.

Чаткалда тоодо калган 7 жаран куткарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан